Бүгүн Японияга каршы ойной турган Кыргызстандын командасынын курамы белгиленди.

Чабуулчу: Мирлан Мурзаев

Коргоочулар: Валерий Кичин, Виктор Майер, Мустафа Юсупов, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев

Жарым коргоочулар: Алимардон Шукуров, Эдгар Бернхарт, Фархат Мусабеков, Гулжигит Алыкулов

Дарбазачы: Кутман Кадырбеков

Беттеш бүгүн саат 17:15те Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат. КТРК Спорт телеканалы аркылуу түз эфир берилет.

Ал эми 15:15те эски аянтта фан-зонанын эшиги ачылды. Кыргызстан менен Япониянын оюну чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, футболдук оюнга байланыштуу саат 14:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: