Бүгүн 15-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 9 айдын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берди. Анда 3740 кызматкерге 10 жылдан бери берилбей келен кызматтык формалуу болушканын, имарат оңдоло баштананын айтты.

Ал эми 5-6- ноябрда ушул түзүмдө эки аскер ар кандай себеп менен каза болгон.
Бул боюнча ЖАМКтын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев төмөндөгүчө жооп берди.

” Эки аскер кызматынын өлүмү жүрөк оорусуна байланыштуу. Бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы айтып берди. Аларга эч кандай уруп согуу болгон эмес. Экөөнүн тең жүрөк оорусу болгон. Буга биз эмес аскер комиссары жооп бериш керек. Аларды ошол бөлүм ден-соолугун текшерип алат. Айрым ММК каражаттарына чыккан электр тогуна тартылган деген маалымат жалган”, -деди Нуралиев.

Буга чейин жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери каза болгон. Аны аскер прокуратурасы тергей баштаган. №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгонун расмий айтышкан.

Удаасы менен кыйылган табышмактуу аскерлердин өлүмү.

Жаза аткаруу мекемесинен 4- 5- ноябрь күндөрү удаасы менен 2 аскер каза болгон. Аларды аскер прокуратурасы иликтей баштаган. Алгач аталган жай билдирүү таратып №3 түзөтүү мекемесиндеги жоокер электр тогуна урунуп каза болгону расмий айтышкан. Бугүнкү маалымат жыйында ЖАМКтын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев экөө тең “жүрөк оорусунан улам каза болду” деген бүтүм чыгарды.

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Четверг, 14 ноября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: