XXI кылымда баш кошуп, көп өтпөй кайра эки ажырым жолго түшкөндөр арбып кетти. Бул бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп калды. Он же андан көп жыл жашап деле ажырашып кеткен үй-бүлөөлөр да бар. Көпчүлүк учурда жубайлар ажырашканда, ортодогу балдар энеси менен калат да,  атасы балдарына ай сайын алимент төлөп калат.

Белгилүү болгондой, мындай өлкөлөрдүн катарында Италия биринчи орунда турат десек болот. Италияда ажырашууда мүлктүн 60 пайызы жана ортодогу балдары аялы менен калат. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Италияда волонтерлордун жана христиан дин уюмдарынын ыктыярчылыгы менен  атайын ажырашкан эркектер үчүн убактылуу жашай турган жай ачылды.
Ажырашкан эркектер аталган мекемеде бир жылга чейин гана жашай алышат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 22