2014-жылдан баштап Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы бирге иштешүү келишимине кол коюшкан. Анда “Газпром Кыргызстан” Кыргызстанга инвестиция алып келсе, 5 жылдын ичинде инвистиция көлөмү 20 миллиард рубльдан аз эмес көлөмдө болуш керек деген негизги милдет коюлган.

“Газпром-Кыргызстандын” бирден – бир максаты 2030-жылга чейин Кыргыз мамлекетин газ менен толук камсыз кылып, деңгээлин көтөрүү. Негизги долбоордун бири болгон жаны конуштарды газдаштыруу маселеси өлкөнүн борборунда жана Чүй боорунда ийгиликтүү ишке ашып жатат дейт, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров.

 “2015- жылы жаңы конуштарды газдаштыруу долбоору каралып жатканда өкмөт, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан негизги газ коюлууга тийиш болгон аймактардын тизмесинде 22 конушка газ киргизилсин деген сунуш берилген. 2019-жылдын алкагында ал тапшырманы максималдуу аткарууга аракет кылдык. Бишкек шаарындагы 6 жаңы конушту, Чүй облусунун 3 айылын газдаштыруу пландалган. Алар: Маданият, Достук, Чалбай, Учкун, Аска-Таш жана Алтын-Бешик жаңы конуштары газ менен толук кандуу камсыз болду. Азыр Чүй облусунун Александровка, Гавриловка, Васильевка айылдарында куруу иштери бүткөрүлүп жатат. Быйыл жалпы 12 миңге жакын үй-бүлөгө газ киргизилет деген план бар. Бишкек жана Чүй боору толук газ менен камсыз болгондондон кийин башка алыскы аймактарды камсыздоо иштери башталат. Жаңы жыл менен Ынтымак, Киргизия, Алтын- Ордо, Рухий Мурас  конуштарында жана Чоң- Арыкта 2020-жылы иш башталат.  Газпром -көчөдөн алып өткөн негизги түтүктөрдү орнотуу ишин инвестициялык программанын алкагында курат. Аны Газпром өз мойнуна алат. Андан ары үйгө чейин киргизип алуу – үй кожоюндарынын милдети. Эки жылдан бери биздин компания тарабынан акция өткөрүлүп келет. Газ түтүктөрүн куруу жумуштарын  жарым жылга чейин пайызсыз бөлүп төлөө шарттарын карадык. Маселен: ошол эле газга кошулуу материалы менен 15000 сом болсо, аны жарандар жарым жылга бөлүп төлөсө болот

“Газпром Кыргызстан” бүткүл республика боюнча керектөө планын чогултуп, алдыдагы 2020, 2021,2022-жылдары кайсыл аймактарга газ тартылыш керек экенин иштеп чыгат. Жаңы конуштарды долбоорлоодо атайын адистердин жетишсиздинен жапа чеккен компания бул маселени чечүү максатта  “Академия Газпром- Кыргызстан” аттуу долбоорду иштеп чыгып кыргызстандык абитуриенттер бюджеттик негизде Орусиядагы Томск, Тюмень шаарларындагы негизги газ тармагын үйрөтүүчү жогорку окуу жайларга жөнөтүлгөн. Учурда 100 дөн ашык студент билим алып жатышат. Окуу жайларды аяктаган соң келишимдин негизинде кайра Кыргызстанга келип “Газпром Кыргызстан” компаниясында кызмат өтөшөт.

Газпром – үйлөргө кандай шартта газ коёт?

Газпром – үйлөргө кандай шартта газ коёт?

Опубліковано Элдик медиа Дадим слово каждому Четвер, 14 листопада 2019 р.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: