Канатбек Азиз: Парламентке шайлоо босогосу 9% калганы туура

112

Саясат жана юридикалык илимдердин доктору Канатбек Азиз шайлоо босогосун 9%, 3% га төмөндөтүү боюнча болуп жаткан талкууларга өз оюн айтты.

Мен бул сөзүмдү бул тармактын изилдөөчүсү катары айтып жатам. Биз парламенттик өлкө болгон соң башкаруунун башында партиялык күч турушу керек. Биздин өлкөдө парламент аткаруу бийлигине караганда күчтүү жана баардык жактан биринчи болушу абзел. Баарыбызга маалым болгондой, бизде майда партияларды түзүү өнүккөн-бул туура эмес система. Эгер шайлоо босогосун жогору бойдон калтырсак, жарышта саналуу гана партия жеңе алат. Башкача айтканда 65 мандатты бир эле партия алат. Бирок бул оппозициянын алсыз болуп калышын билдирбейт. Партиялар мурдагыдай эле бириге алышат”- дейт Канатбек Азиз.

Буга мисал катары Канатбек Азиз Түркияны алды. Түркияда партиялар парламентке өтүшү үчүн 10% добуш алышы шарт. Мындай система шайлоого оппозициядагы партиялар биригип алып барышын шарттайт. Бул болсо депутаттык корпустун деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөт. Канатбек Азиз муну менен катар эле парламентке өтүү босогосун ылдыйлатуунун кедергисин да баса белгилеген.

“Төмөндөтүлгөн тандоо босогосунун айынан, Жогорку Кеңеш майда райондук деңгээлдеги партияларга толуп кетиши мүмкүн. Мындай учурда алар масштабдуу иштерди кыла албай калышат”,-дейт юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь