Сокулук районуна караштуу Учкун-2 жаңы конушунун тургундары миттингге чыгышты. Анда 2003-жылы турак жай куруу үчүн алган “Манас аэропортуна” кетчү жолдун жээгиндеги 60 жер тилкесинин ээлери жерге ээ боло албай жатканын,электр энергиясынын жоктугун, ички жол маселесин айтышты.

Себеби айыл болуп түптөлгөндөн тарта жарыксыз жашаганы аз келгенсип кайсы бир аткаминер 60 адамдын жер тилкесин арестке коюп салган. Айыл тургундары азыркы күнгө чейин бийлик бутактарына кайрылып бирок жооп болбой жатканына нааразы. Өзүн айыл тургунумун деп тааныштырган жаран себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.

Биз ошол жылдары жерди сатып алганбыз. Фундамент куюп бир жылдан кийин келсек бул жер арестте болуп чыгып калды. Элдин айтканына карасам Тайырбек Сарпашев менен ошол убактагы чүйдүн губернатору Канат Исаев турат дешти. Ошондон бери бул жер талаш жаратып келет. Менин оюмча Канат Исаев менен Тайырбек Сарпашев ушул жерге котеж куруп пайдасын көрөбүз деген. Бул жерди сатып алгандар болсо квартиралап ар кайсы жерде жашап жатат”,- деди айыл тургуну.

Чындыгында эле жери болуп туруп өз жерине өзү ээ боло албай калган жарандар бар. Айыл тургуну Гүлина 2003-жылдан бери үй сала албай жатканын билдирип көзүнө жаш алды.

Жерим туруп үй сала албайм. Жаңы конуштагы аялдын арманы

Жерим туруп үй сала албайм. Жаңы конуштагы аялдын арманы

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Пятница, 15 ноября 2019 г.

Ал эми райондук прокуратуранын өкүлү бул азыркы учурда соттун карамагында экенин билдирип, бирок арестке ким тарабынан коюлганын ачыктаган жок. Албетте өкмөт болом деп турган адамдын атын атоо кыйынчылык жаратты.

Өздүк булактардын маалыматына таянсак Канат Исаев губернатор болуп турганда аэропорттон келе жаткан чет элдик конокторго уят болбой жол жээгине кортеж салууну көздөптүр. Бирок жеке бизнеси үчүн карапайым адамдарын жерин тартып алуу мыйзамдуубу?

Мындан сырткары айлылдын свет, суу маселесин чечүү үчүн башка айылдарга салыштырмалуу көп каражат каралган. Башкача айтканда жалпы суммасы 9 миллион 380 миң сом айылдын ички инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн. Бирок азыркы күнгө чейин айылдыктар свети жок, суусу жок, жаман жолдо жашап жатышат. Ал эми айыл өкмөттүн жообу суу чыгаруу үчүн тендерден уткан компания соттошуп жатканы менен түшүндүрдү.

Конуш тургундары эгер ушул маселе чечилбесе мындай митингди дагы уланта берээрин билдиришти. Бийлик адамдары болсо жакынкы күндөрү чечип айылда эч кандай көйгөй болбостугун убадалашты. Бийлик алмашкан сайын биздин көйгөй калып жатат дегендер элдин ырыскысын талашкандарды токтотсун деген талап коюшту.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: