Эмилбек Каптагаев: Атамбаев мыйзамды уруп ойнобойм деди

90

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүү уланып, бул жолу дагы Алмазбек Атамбаев отурумга катышуудан баш тартты.

Сотко кааласам барам, каалабасам барбайм дегидей мыйзам барына бирдей болушу керек деп эсептейт мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев. Атамбаевдин бул аракеттерине чара көрбөй жаткандыгы үчүн Башкы прокуратураны айыптады.

” Мындан үч-төрт ай мурун “Атамбаев тергөөгө келбейм деди… Атамбаев мыйзамды уруп ойнобойм деди… Атамбаев мамлекетти, мамлекеттик бийликти тоотпойм деди… Мылтыгым бар, келсеңер атам деди…” – деп мыйзам чегиндеги өз милдеттерин так аткарышпай ышынып-жышынып жатышып прокуратура менен укук коргоо органдары Кой-Таштагы чоң коогалаңга кандайдыр деңгээлде себепкер болушту эле… бөөдө жерден киши каза болуп, канчалагандар жаракат алып жабыркашты… Эми минтип “Атамбаев сотко келбейм деди…” деп кайрадан эле ошол эски обон созулуп жаткандай… Кудай сактасын дейли, дагы бир ызы-чууга Өлкөнү кирептер кылышпаса болду… Башпрокуратура деген кайсы жакты карап отурат? Мыйзам деген мыйзам, ал баарына бирдей иштеши керек, мына ошондо гана мамлекет ичинде тартип болот, мыйзамдарга карата сый болот… Болбосо ким көрүнгөн эле: “…кааласам барам сотко, каалабасам барбайм…” – дей берген башаламан заманга барып калабыз, көз ачып жумганча эле...”, -деген пикирин социалдык баракчага жазды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь