Контрабанда жолу менен келген 80 тонна өрдөк эти өрттөлдү (видео)

Буга чейин социалдык тармактарда катуу талкууга түшкөн аткезчилик менен алынып келинген өрдөк эттери учурда кайда экенине депутат кызыкты.

“Жалпы жонунан 80 тонна өрдөк этин эмне кылдыңар? Эл арасында 2 тоннасын жок кылып, калганын бөлүшүп алды деген сөз жүрүп жатат. Ошол боюнча тактап бериңиздерчи“,- деген Нурбек Тотонов күч органдарына кайрылды.

Өз кезегинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматттын (Финансы полициясы) жетекчиси Бакир Таиров бул 80 тоннанын баары тең соттун чечими менен жок кылынганын билдирди.

Ал эми эл өкүлү бул 80 тонна өрдөк же шашлыктын бардыгын өрттөп жок кылбай, эскертүү берип ишкерлерди колдосо болбойт беле деп тынчсызданды. Тийиштүү кызмат мыйзам ага жол бербестигин жооп берди.

Контрабанда жолу менен келген өрдөк этине эл өкүлдөрү кызыкты

Контрабанда жолу менен келген өрдөк этине эл өкүлдөрү кызыкты

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Четверг, 14 ноября 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь