Японияга утулгандан кийин Кыргызстан өз тайпасында канчанчы орунда?

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде Япониянын командасына утулуп калды.

Оюндун 40-мүнөтүндө Япониянын 11 метрлик айып соккусунда Такуми Минамино тээп, эсепти 0:1ге өзгөрттү. Ошондой эле беттештин 54-мүнөтүндө “самурайлар” кайрадан гол киргизгенге жетишти. Бул менен япониялыктар 12 упай топтоп өз тайпасында сап башына чыкты.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан. Улуттук курам буга чейин Тажикстанга 1:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Үч упай эсебинде бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат.

Алдыда 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь