Талас облусунда мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматына караганда, рейддин алкагында А.М. аттуу адам айдап бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анда жалпы салмагы 3 тонна болгон АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май табылган. Айдоочу тиешелүү документтерин көрсөтө алган эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: