Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгулов 200 миң долларды уурдого тиешеси болушу мүмкүн. 2018-жылы Башкы прокуратуранын кызматкери Улан Чалабаев пара талап кылуу менен кармалып, андан далил катары 200 миң доллар алынган.

Айрым маалыматтарда УКМКда иштеген Ишенгулов далил боло турчу акчаны өзүнүн жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү сейфтен алган болушу мүмкүн деп жазылат.  Пачкалаган акчанын ордуна муляжды коюп койгон.

Кийин Канатбек Исаев УКМКдагы сейфтен уурдалган бардык чыгымдарды жаап бергени айтылууда.

Акча УКМКнын конторасында эч ким жокто, эс алуу күнүндө уурдалган. Акчаны чыгарып кеткен учур коридордогу жана бөлмөдөгү видеобайкоого түшүп калышы керек эле. Бирок, ал видео барбы, анда Ишенгулов түшүп калганбы же жокпу азырынча так маалымат бериле элек.

Кактус.медиа жазгандай, Бакай Ишенгулов өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Өз кезегинде Ишенгуловдун жубайы мындай маалыматты биринчи жолу угуп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тарткан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 189