2020-парламенттик шайлоодо 9% босого чек парламент ичинде жана коомчулукта кызуу талкууга алынып, эмки шайлоо кандай таризде өтөт азырынча баарына кызык.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, 2010-жылы мамлекетти, банктарды  сейфтерди тоноп эбегейсиз акчага ээ болгон партиялар көп партиялуу системаны колдоп парламентте чоң акчанын негизинде калып калышкан. Ал кезде көп тоноочулук болуп, куралдар колго тарап кеткендиктен бири-бири менен атышып калбай ынтымакта парламентке барып отуруп калалы деген ой менен куралып калган парламенттик система.  Өмүрбек Текбаев жазган конституциянын негизинде биз көп партиялуу гана парламент түзө алабыз. 30 жылдын ичинде Конституцияны 9 жолу өзгөрттүк. Орто эсеп менен 1 жыл 3 айдан гана Конституция иштеди. Конституция бузулган сайын, биздеги иштеп жаткан бардык мыйзам кайра бузулуп турган. Ошентип өлкөдө “хаус” башталган. Азыркы партиялык система иштей албай жатканын көрүп жатабыз. Демек, партиялык калып парламентте эми башка нукта жаралып, туулуп тузүлүш керек. Ошондуктан мажоритардык система киргизгенде гана мамлекеттин сөөгү, турпаты, пайдубалы өзгөрөт.  5%, 7%, 10%  босого деген – парламентке канча партия келет дегенди гана билдирет. Партиянын лидери чечет, арасынын жакшысын тандап алгыла деген – бул көз боёмочулук.

Эгерде пайыздык  өлчөм көп болсо, анда парламентке азыраак партия келет. Эл аралык системада, маселен: Америка,Германия, Англия же Монголияда эки же үч эле партиядан куралган парламент болот. Арасында майда барат партиялар да боло берет. Бирок негизги коалициялык күчкө келгенде эки, үч гана олуттуу партия чечет. Бизде көп партиялуу система өнүкпөй чайкалыш болгондон кийин азыркы деңгээлде сунуштар менен адамдардын өзүн тандайсыңар, силер партияны эмес анын ичиндеги адамдарды тандайсыңар деген бурмалоолор көп болуп жатат. Эгерде, 9% же 5% босого чекти ала турган болсок, 100 шайлоочу келсе, анын 9у бир партияны шайлаш керек. Орто эсеп менен  1,5 миллион шайлоого барчу калкыбыздын 10 %ы 150 миң киши болот. Ошол эле Өмүрбек Текебаев өзүнүн соттук маселсине 600 кишини араң топтоду. Ал кантип анан 150 миң кишини топтой алат? Албетте, акча менен гана кол топтоого өтүшөт. Мына ошол себептен 9% босогодон коркуп көпчулүгү 5% сунуштап жатышат.”  

2000-2005 жылдары 2- чакырылыштын депутаты болуп парламентке барган Бектур Асанов, мыйзам чыгаруу жыйынындагы 60 депутаттын 15и партиялык тизме менен келип, 6 партия өтүп келгенин айтат. Бийлик бардык саясий күчтөрдү коё бериш керек. Барына мүмкүнчүлүк бирдей берилсе, теңдик болот. Биримдик болот. Керек болсо Атамбаевдин дагы партиясын катыштырыш керек деген ойдо.

“ 2000- жылы  5% чек менен партиялар парламентке келген. Ошол кезде бийлик мындай партиялык жол менен бара турган болсо, бийликти колдон алдыртып коёюу коркунучунан улам 2005- жылы кайра бир палаталуу мажоритардык системага өткөн. 9% босого чек – бул өтө опурталдуу. Анткени, дуйнөдө бир гана Түркия мамлекетинде 10% босого бар. Жапон өлкөсүндө 16%. Бирок аларда система таптакыр башкача. 9% менен шайлоо өтпөй калышы мумкүн. Мисалы, бир партия 25% алса, калган 5,6 партия 6,8,7 сыяктуу 1% жетпеген добуш ала турган болсо, алардын 60 % парламентке кирбей калат деген сөз. Бул – коллапс. Туура парламентке жаш партиялар келиш керек. Бирок, кээ бирлер сунуштагандай, 3 % босого чек менен эмес. Анда өлкөдө баш аламандык башталат. Менин оюмча 5% Кыргызстан үчүн өтө оптималдуу босого чек болот

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...
Просмотров: 10