976 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 976 адам Кыргызстандын жарандыгын алды (анын ичинен 155 жаш балдар). Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарандык алгандардын көпчүлүгү мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык 929 адам берген арызына ылайык өлкөнүн жарандыгынан чыгарылды (анын ичинен 207 жаш балдар).

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана ага кабыл алууга президент гана укуктуу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь