Бүгүн 16-ноябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты. Ал 1958-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Элдик Медиа порталы мамлекет башчынын коомчулук тарабынан мүнөздөлгөн 6 сапатына токтолду.

1. Салабаттуу Жээнбеков – Сооронбай Жээнбековдун эл аралык маанидеги жолугушуулары коомчулук тарабынан мактоого алынып келет. Өзгөчө интернет колдонуучулар Жээнбековдун чет өлкөнүн президенттери менен болгон мамилесинде анын орундуу сүйлөп, өзүн салабаттуу алып жүрүсүүнө жакшы пикирлерин калтырышат.

2. Чарбачыл Жээнбеков – Президент болгондон бери региондорду өнүктүрүүнү негизги приоритет катары айтып келет. Өлкөдөгү дээрлик бардык аймактарды кыдырып эл менен түз баарлашып келет.

3. Камкор Жээнбеков – Президенттин кайсы жолугушууга барбасын жаш балдардын башынан сылап, өөп мамиле кылганы жүрөктү жылытат.

4. Сабырдуу Жээнбеков – Ал туурасында оппозиция жана душмандары кандай жаман сөздөрдү айтса дагы коомчулукка чыгып аларга катуу сөз айтпайт. Тескерисинче коомдогу ар кыл күчтөрдү бириктирип алар менен бетме-бет отуруп сүйлөшүүнү эп көрөт.

5. Каардуу Жээнбеков– Сооронбай Жээнбеков менен иштешкендердин айтымында, ал талапты катуу койгон жетекчилерден. Элге жумшак мүнөз көрүнгөн менен, эгер чиновниктер катачылык кылса катуу айтат. Бирок көп учурда бул Ак үйдүн бекем дубалынан сыртка билинбейт. Ошентсе да, анын премьер-министр кезиндеги “Чык эшике”-деген сөзү алигинче элдин эсинде.

6. Жөнөкөй Жээнбеков – Коомчулукта жана саясатта Жээнбековдун жөнөкөйлүгү да көп айтылат. Көпчүлүк учурда кадимки учак каттамы менен учканы жөнөкөй жарандардын алкоосуна алынат.

Ак сөөктүктүн стереотиптерин жоюп ар дайым кол чатырды өзү көтөрөт. Муну менен өз өлкөсүндөгү айрым аткаминерлерге чоң үлгү берет.

 

Макала жактыбы?

НетДа
5
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 321