Жумгал районунун Кара-Кече аймагынан  30 жаштагы жигит  эки унаанын ортосунда кыпчылып каза болду . Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Аталган кызматтан билдиргендей , 5-ноябрь күнү Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө  Кара-Кече көмүр кенининдеги «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын коопсуздук кызматкери телефон аркылуу байланышып  көмүр чыккан аймакта кезекте турган эки «КамАЗдын» ортосунда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын Байзак аттуу тургуну кыпчылып калып, ооруканага алынып кеткендигин билдирген.

Бул билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөнкүлөр аныкталган: «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалынын шлагбаумунун ичинде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургуну Ж.С. өзүнө тиешелүү «КамАЗ» унаасын жана Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.Р. өзүнө таандык «КамАЗ» унаасын айдап, ээрчишип бара жаткан учурда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.у.Б. аларга жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Аны айдоочулар чаңдан көрбөй калышкан. Кырсыктан кийин жабырлануучуну ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок ал ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Маркумдун өздүгү аныкталып, сөөгү Жумгал райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына алынып келген. Туугандары арыз-дооматтары жоктугун айтып, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми аталган унаалар Жумгал РИИБдин айып короосуна токтотулду.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: