Быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында  билдирди.

Каниметовдун маалыматына караганда, мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жакында эле Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул фактыга байланыштуу 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн жарыялады”.

Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Ал эми ИИМдин 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...
Просмотров: 31