Ноябрь айынын акыркы эки жуманын ичинде көмүрдүн орточо  керектөө баалары  октябрь айындагы баасына салыштырмалуу – тоннасы 126,38 сомго, же 2,8 пайызга жогорулады. Бул туралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайты жарыялады.

Билдирүүдө ар кайсы регионду бөлүп караган. Маселен 2019 жылдын 14-ноябрына карата көмурдун максималдуу  чекене баасы Кара-Суу шаарында (бир тонна – 8 485,28 сом)  болсо Баткен шаарында (бир тонна – 7 455,29 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 7 286,61 сом)болду . Ушул эле учурда көмүрдүн минималдуу чекене баалар, өткөн мезгилдегидей эле,Жумгалда (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында (бир тонна  – 3549,65 сом) ал эми  Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом)

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп Токтогулда – тоннасы  921,05 сомго, же 20,5 пайызга, Кербенде –  тоннасы 397,87 сомго, же 9,4 пайызга, Джалал-Абадта – тоннасы 393,17 сомго, же 7,7 пайызга жана  Покровка айылында – тоннасы 500 сомго, же 12,5 пайызга  жогорулады.

Жүргүзүлгөн талдоого жараша көмүрдүн өсүү  баасы улаанууда жана жалпысынан үстүбүздөгү жылдын сентябрына салыштырмалуу тоннасына 371 сом, же 8,5 пайызга өстү.

Белгилей кетсек Кара-Кече көмүр кенинде тоннасын 1250 сом турат. Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги касы жакты карап жатат белгисиз. Себеби буга чейин ” кыргыз көмүр” ишканасы баа туруктуу сакталат деп жооп берген.

Кышка даярдык. Көмүр баасы көтөрүлөбү?

Кышка даярдык. Көмүр баасы көтөрүлөбү?

Опубліковано Элдик медиа Дадим слово каждому Середа, 2 жовтня 2019 р.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 125