Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнүнө байланыштуу бир катар өлкөнүн президенттеринин атынан куттуктоолор келди. Россиянын президенти Владимир Путин таң эрте биринчилерден болуп Жээнбековду куттуктады. Өз куттуктоосунда, Жээнбековдун жетекчилигинин астында Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышып жатканын белгиледи.

Андан кийин боордош казак элинин мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Сооронбай Жээнбековго мамлекеттик ишмердүүлүгүндө албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстандын элине бакубатчылыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Үчүнчүлөрдөн болуп коңшулаш Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековду жылуу сөздөрү менен куттуктады.

Ал эми Эмомали Рахмон Сооронбай Жээнбековду кат менен эмес телефон аркылуу чалып куттуктады.

Жээнбековду туулган күнү менен куттуктагандардын катарын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин толуктады. Кытай Эл Республикасынын төрагасы эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн бардык тараптан үзгүлтүксүз алдыга жылдырууга биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярдыгын белгилеген. 

Алтынчы Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. “Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат“,- деп белгиленген Белоруссия Президентинин куттуктоосунда. 

Казакстандын Тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев дагы куттуктоосун унутта калтырган жок. Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден-соолук жана кажыбас кайрат, жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Андан кийин эле Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго  “ушул жаркын күндө Сизге бардык жакшылыктарды, бекем ден соолукту, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди каалайм”, — деген куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Армениянын президенти Армен Саркисян Сооронбай Жээнбековду куттуктаган президенттердин тогузунчусу болду. 

Ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Жээнбековго жолдогон куттуктоосун, Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн бардык башталыштарда жана умтулууларда ийгиликтерди каалап жыйынтыктаган.

Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев дагы четте калган жок. Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

Медведевди улай Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Жээнбековду туулган күнү менен куттуктап, “Сиз өлкөдө жана жогорку эл аралык аренада сыйга татыктуусуз“,-деген жылуу сөзүн арнады.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий Сооронбай Жээнбековго куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков  Жээнбековго ден соолук каалады.

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норовдун куттуктоосунда: “Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана демократиялык коомду түзүү жолунда бара жатат. Эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркы жыл сайын өсүүдө“,- деп айтылат.

Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл акыркылардан болуп Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

 

 

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 314