Смартфонду тынымсыз колдонгон Кытайдын тургуну Шэньчжендин сол көзү көрбөй калды. Бул тууралуу Daily Mail жазат.

Эркек киши түнү менен уюлдук телефондо оюн ойноп чыккан. Эртең менен туруп смартфонун колуна алганда сол көзү эч нерсе көрбөй жатканын сезет. Дарыгерлер жарандын көзүн текшерип, көзүнүн кан тамырларына күч келип жарылып кеткенин аныкташты. Натыйжада кан уюп калган.

Жабырлануучуга операция жасалып, көрүүсү бир айдан кийин калыбына келет деп үмүттөнүшүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
5
1
Loading...
Просмотров: 628