Ачыла элек жатып жаңыланган Тарых музейинде жаракалар кетүүдө (видео)

118

Капиталдык ремонттон өткөндөн кийинки ачылышы жасала элек жатып, Тарых музейинин сыртында жаракалар кете баштады. Бул жайга элдер качан кире баштаарын азырынча өкмөт айта элек. Буга чейин маданият жана маалымат министрлиги музейди ача турчу атайын программанын ачкычы жок болгондуктан ача албай тургандарын маалымдаган. Бардык паролдор немис компаниясында сакталууда.

Ал эми компания ачууга азырынча жол бербегендигинин себебин, кыргыз тарап 225 миң евро карызды жаба электигин жүйө келтирген. Ушул себептен улам шаардыктар жаңыланган музейге качан кирээри болжолдуу дагы белгисиз.

Жабык турган музейди камсыздоого өткөн жылы 24 миллион сом бөлүнгөн. Учурда музейдин фасадында эмитен жаракалар пайда болду. Манас эстелигинин плиталарында дагы кемтиктер пайда боло баштады. “Кактус Медиа” басылмасы жарака кеткен көрүнүштү барып тартып келген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь