Бүгүн, 18-ноябрда Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери нааразычылыгын билдирип, сабакка кирүүдөн баш тартышты.

Алар институтта студенттерге шарт түзүлбөгөнүн, жылуулук ушуга чейин бериле электигин айтып, сабакка кирбей эшикте турушат. Буга байланыштуу алар менен жолугушуу үчүн Баткен мамлекеттик университетинин ректору келет деп айтылууда.

Бул маалыматты БатМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы ырастады. Анын маалыматына караганда, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде жана БатМУнун Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтунда от жагыла элек, мештер да толук оңдолуп бүткөн эмес.

Булак: Азаттык

Макала жактыбы?

НетДа
6
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 852