Гүласыл Сутуева Элдик Медиа

Бөйрөк жетишсиздигинин акыркы 5-даражасына келгенде бөйрөк иштебей калат. Бөйрөк ооругандан тарта 4-даражасына чейин аны сактап калуу үчүн дарыгерлер аракет кылышат. Биринчи жолу диализ аппарты белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморов бөйрөк оорусуна кабылган жылдары өлкөгө бир аппарат алынып келинген. Бирок аны жакшы иштете алган кызматкерлер болгон эмес.

Европада “Вибраун” “Гамбра” “Фризениус-3” деген немистер ойлоп тапкан аппараттар 2-дүйнөлүк согуштан кийин эле пайда болсо да, бизге ал аппарттар 90- жылдардан кийин коюла баштаган. Ага чейин биздин бейтаптар эбегейсиз акча менен Казакстан,Түркия, Кытай сыяктуу мамлекеттерге барып дарыланып келүүгө мажбур болушкан. Каражаттын, мүмкүнчүлүктүн жоктугунан бир далай мекендештерибизди жоготконбуз.

Көйгөй көбөйгөн сайын мамлекет бул маселени өз колуна алууга милдеттүү болгонун саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Элдик Медиа порталына маалымат берди.

“Алгач борбор калаадагы мамлекеттик ооруканаларга 90-жылдардын аягы, 2000- жылдардын башы менен жасалма бөйрөк бөлүмдөрү ачылган. Диализ аппараттарын иштетип баштаган соң башка көйгөйлөр пайда болгон. Көйгөйлөрдүн саны көбөйдү дегеним, оорулардын саны көбөйгөн. Мурда 5-даражадагы бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар узак жашай албаган болсо, аппараттын жардамы менен алар кадимкидей жашай турган болушту. Адам өмүрү узарган сайын кошумча башка оорулар пайда болоору закон ченемдүү көрүнүш. Андыктан бирин экин мамлекеттик ооруканалрга коюлган диализ аппараттары бейтаптарды тейлеп үлгүрбөй калды. Мамлекет, бул аппараттар коюлган жеке менчик клиникалар менен келишим түзүп, акчасын төлөп берип бейтаптарды жөнөтүп турууга аргасыз болгон. 2016-2017-жылдары жеке клиникалардагы гемодиализ кызматынын баасы бирдей болуш үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизишин өтүнүп Жогорку Кеңешке сунуш киргиздик. Алар колдоп берип, өкмөттүн токтомуна ылайык мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна диализ кызматына жумшалчу каражаттын барын бекитип беришти. Ошентип учурда бейтаптарды кошумча төлөмдөн толугу менен куткардык. Учурда 1518 киши гемодиализ кызматын акысыз алып жатат. Биринчиден: диализ алуунун саны боюнча чектөөлөр алынып салынды. Экинчиден: Ар бир сеанста төлөнүүчү 550 сом бейтаптардан алынбай калды. Бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркагандар азыр толук кандуу бекер дарыланышууда. Бир диализ аппараты 30 миң саат иштегенден кийин аны иштетпеш керек. Ал аппарат канды таза тазалай албай калат. Ошондуктан аларды бат-бат алмаштырып турууга мамлекет даяр эмес. Ал эбегейсиз каражат. Бейтапка туташкан аппарат 1 миллион сом турган менен, ошончо диализ барып бир чоң системага байланат. Ал техниканын чоңдугу бир бөлмөнү ээлейт. Убактылуу гана 30 миң саат иштеп берсе да, миллиарддаган каражатты чапчыйт. Ошол себептен жеке менчик ооруканаларга ар бир бейтаптын саламаттыгы үчүн акча которуп турууга мамлекет аргасыз болуп турат”

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: