Каникулда иштеп келем деп Ошко кеткен 11-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарында 11-класстын окуучсу унаа жуучу жайда иштеп жатып каза болду. Анын жүрөк оорусу кармап калган.

10-ноябрь күнү түнкү саат 03:30дар чамасында тез жардам кызматынан милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда унаа жуучу жайдан өспүрүмдүн жансыз денесин табышканын кабарлаган. Алдын ала маалыматтарда ал жүрөгү кысылып каза болгон.

Милиция маркумдун өздүгүн аныктап, ал 2003-жылы туулган Ноокат районунун 11-класстагы окуучусу болгон.

Туугандарынын айтымында ал биринчи чейректен кийинки каникулда Ошко иштегени кеткен. Мурда ооручу. Соттук-медициналык кароодон өткөрүүдөн туугандары баш тартышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь