Кыргызстандын мега жылдызы Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова алгачкы ырын жаздырып, ырчылыкка билек түрө киришти. Бул тууралуу Нурлан Насип “бир боорум, эжекем бүгүн ырдаганда аябай толкундандым. Дангыр жолуңуз бийик болсун. Баарыбыз сизди жакшы көрөбүз. Биз күткөн ырыбыздын жаралышы бүгүн студиядан бүтүп,эң биринчи жакшылыкта тушоосу кесилди”,- деп эжесинин ырдап жаткан видеосун жарыялаган.

Интернет колдонуучулар тарабынан түрдүү пикирлер жазылды. Катталуучулар бир ооздон жактырып, “Асель Кадырбековага караганда жакшы ырдайт экен”, “Насиптер деген топ ачылат жакында”, “Ырдабай мурда кайда жүрдүңүз эле?”, “Келечектеги Эл артисти”…деп жылуу кабыл алышты.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...
Просмотров: 426