24-октябрда Манас аэропортунан машина багажынан сөөгү табылган адам өлүмү маалымат каражаттарында жаңы өңүт алууда. Ички иштер министрлиги акча ташуу менен алектенген уйгур тектүү 39 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганын, алар жатак абагында жүргөн кылмышкерлер экенин жарыялады. Маалымат боюнча кылмышкерлер 175 миң доллар үчүн тоношкон. Ички иштер министрлиги бул кылмыш кантип ишке ашкан маалымат тараткан жок.

Бирок, маалымат каражаттары кылмышкерлер 175 миң доллар эмес 3 миллион доллар алып кеткенин жаза баштады.

Бизге өздүк булактар да акчанын суммасы такыр башкача болгону тууралуу маалымат беришти.

Уйгур тектүү адам  акча ташуу менен алектенген. Ал күнү адаттагыдай эле Оштон жөнөтүлгөн акчаны тосуп алуу үчүн аэропортко жөнөйт. Ал эми акча жөнөткөн адамдар да биринчи жолу акча салып жаткан адамдар болгон эмес, таңгакталган акчаны белгисиз эле бир фотограф баладан 2 миң сомго Бишкектен тосуп алат деп, уйгур адамдын номурун берип салып жиберишет. Мындан улам акча салуу жана тосуп алуу схемасы алар үчүн көндүм адатка айланган. Биздин маалыматтар боюнча таңгакталган акчаны таразага тартканда 7 кг чыккан. Адистердин айтуусунда 100 долларлык  3 млн доллар акча 7 кг болот.

Бирок, бул жолу Оштон Бишкекке акча жөнөтүлгөнү боюнча маалымат сыртка чыгып, арасынан бирөө сатат. Оштон келаткан акчаны тосуп алуу үчүн аэропортко бараткан уйгур тектүү адам кылмышкерлердин колуна түшүп, алар өлтүрүп багажга салып телефонун кармап аэропортто күтүп турушат. Оштон учуп келген фотограф бала аэропортко түшүп телефон чалганда кылмышкерлер алып, аэропорттун ичине кирип таңгакталган акчаны көтөрүп чыккан. Бетине маска тагынган кылмышкердин акчаны көтөрүп чуркап бара жатканы аэропрттогу видеобайкоого түшкөн.

Ички иштер министрлиги кылмыштын бетин чагылгандай тез ачып, жатак абагында жүргөн, соттолгон кылмышкерлерди кармап 175 миң доллар тоноду деп жарыялоого үлгүрдү. Бирок, чынында канча акча болгон?

Булак: жалбырак тв

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 171