Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 24-ноябрда ант берген. Президенттик вазыйпасын аткаргандан бери туура эки жыл өттү. Ант берген күндөн тарта ал өз убадаларын Конституциянын негизинде аткарып келе жатат“,- деген оюн Жогорку Кенештин депутаты, “Өнүгүү прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Элдик Талкуу” программасында билдирди.

Бүгүнкү күндө президенттин өзүнүн демилгеси менен агартуу тармагы, пенсиянын көлөмү 30 %га көбөйдү. Сот, укук реформа боюнча 4,5 жолу чогулуш өткөрүлүп талаптарды курчутуп, көп иштер жасалды. Коомчулукка көрүнбөгөнү менен бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын парламент күбө болуп отурабыз. Ооба экономикада чабалдык бар. Бирок Конституциянын негизинде мамлекеттин экономикасына түздөн-түз өкмөт жооп берет. 2 жылдын ичинде биздин мурда ырк кетип жүргөн коңшу мамлекеттер менен кайрадан мамиле түзө алды. Бир топ келишимдер ишке ашты. Президенттин оозунан саясатчыга, элге, региондорго тийиштүү бир да ыплас сөз уккан жокпуз. Эң негизгиси, башында айткан “Мен бир адам үчүн иштебейм, мен эл үчүн иштейм”, -деген сөзүнө турду”.

Макала жактыбы?

НетДа
1
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: