“Саймаитиге Зулпукаров менен Сулаймановдун байланышына ишенбейм”. Бул туурасында Бакыт Төрөбаев, бүгүн Элдик Медиа порталынын “Элдик талкуу” программасында түз эфирде элдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында Төрөбай Зулпукаров жана Алтынбек Сулаймановду Түркияда атып өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитиге байланыштырган маалыматтарды жалаң фейк аккаунттар чыгарып жатат. Ал эми башкы прокуратура жана УКМК бул туурасында эч кандай маалымат берген жок. “Ошондуктан мен социалдык тармактарда айтылып жаткан айрым маалыматтарга ишенбейм“,- деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, киши колдуу болуп каза тапкан Саймаитиге Кыргызстандагы айрым саясатчылардын байланышы бар экени айтылууда. Анын ичинде Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкуловдор бар.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: