Башкы прокуратура өрт коопсуздугуна байланыштуу өкмөткө кат жолдоду

Башкы прокуратура ишкердик субьектилериндеги өрт коопсуздугун текшерүү боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча катты Өкмөткө жолдоду. Кат жазууга акыркы убактардагы ишкерлик кылган чөйрөлөрдөгү жарылуулар себеп болгон.

Белгилей кетсек, ишкерлик кылган субьектилердин өрт коопсуздугун текшерүү мыйзам менен ооздукталгандыктан, дыкат текшерилбей калууда деп экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция коңгуроо кагып келет.

Эскерте кетсек 8-ноябрда Чүй проспекти менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татымында газ балон жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен ал жерде эмгектенген бир кызматкер көз жумган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Башкы прокуратурадан билдиргендей, тез татым даярдоочу бөлмөдөгү газ балондор өрт коопсуздугуна жооп берген эмес. Эрежеге ылайык тез татым даярдоочу бөлмөнүн ичине газ балонду коюуга таптакыр болбойт.

Бирок Бишкек шаардык экотехинспекциясы өз убагында чара көрүү жана өрт чыгып кетүү коркунучу бар деген чаралар көрүлгөн эмес”-деп билгеленет башкы көзөмөл органынын маалыматында.

Мындан сырткары Башкы прокуратура Экотехинспекцияга шаардын жарандарынын коопсуздугун ар тараптуу коргоо маселеси боюнча да кат жолдоду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь