Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын алдыңкы орунуна чыктыбы?

Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүу министринин орун басары Девид Риннерт Бишкек жакын арада эң булганган шаар болуп калышы мүмкүн деп белгиледи.

Азыркы учурда маалыматка ылайык булганган шаарлардын сап башында Нью-Дели, Лахор турат. Бул тизмеде азырынча Бишкек жок. Бирок борбор калаанын абасынын сапат индекси 326 га чыгат деп айтылат маалыматта.

Ал эми буга чейин Airvisual сайтынын иликтөөсү боюнча эң булганган шаар Бангладеш деп жазылып абасынын сапат индекси 233 кө жеткен. Бул жагынан алганда Бишкек Бангладешти да басып өтөбү деген суроо менен Бишкек шаардык мэриясына кайрылып көрдүк.

Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында абанын булганышын эсептөө ар саат сайын өзгөрүп турат. Ошондуктан айрым учурда борбор калаа булганган аба ырайы боюнча индекси өйдө болуп калышы мүмкүн. Бирок дүйнө жүзүндөгү абасы булганган шаарлардын сап башында турат деген маалыматка ишенүүгө болбойт дейт Алмамбетова.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь