2017-жылы 9 % босого чекти колдоо менен 2020-жылы мыйзам күчүнө кирет деген норманы депутаттар демилгелеп жазып чыкканын жана бул нормага али чекит коюла электигин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Элдик Медиа порталынын “Элдик талкуу” программасынын алкагында айтты.

Тарыхты карасак, 2015-жылкы шайлоодо “Өнүгүү прогресс” партиясы 9% дан ашык добуш алуу менен парламентке келген. Быйыл май июнь айларында пайызды өзгөртүү боюнча сунушубуз жактырылган жок. Парламентте пайыздык босого чектерди сунуштоо вазыйпамды гана аткардым. Өлкөдө 200 дөн ашык партия бар. Бирок, сапаты жок. Эгерде биз 2%, 3% босого кыла бере турган болсок, аймак-аймактардан партиялар келип топтоло берип сапаттан санга өтүп кетүү коркунучуна кептелип калышыбыз мүмкүн. Андай болсо босогонун да кажети жок. Анда парламентти жоюп, бир мандаттуу округ менен президенттик башкарууга өтүш керек. Эгерде, жок биз партиялык институтту колдойбуз десек, босого чек сөзсүз болушу кажет. Мен партиялык институтту колдойм. Ал жерде коом бар. Коом бар жерде идея, талаш- тартыш аркылуу программа келип чыгып аткарылат. Негизги эле коомдун коркунучу баягы эле олигархтар, базаркомдор же сабатсыз кандидаттар келип калат деген ойдо. Эгерде жаш саясатчылар парламентке аттанам десе 9% босогодон коркпош керек. Алар жакшы программа, мыкты идея менен келип, аракетин көрсөтө алса, эл сөзсүз ага баасын берет. Учурда 9% босого көп экен дегендер атаандаштыктан, ат салышуудан корккон партиялар. Ал азыр коомдук талкууга чыкты. 9% босогого али чекит коюла элек. Өзгөртсө болот. Президент да босого боюнча өзүнүн көз карашын, пикирин билдирүүсү шарт”,- деген оюн билдирди Бакыт Төрөбаев.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: