Казакстандын Тараз шаарында 12 жаштагы окуучу кызды мектептеги ажатканадан зордуктап кетти. 18-ноябрь күнү мектепте окуган окуучулардын ата-энелери бул окуяны териштирүүнү талап кылышкан.

Шектүү жаран бардык камераларга түшҮп калган, бирок аны эч ким байкаган эмес. Ал чуруда мониторду көзөмөлдөп отургандар ордунда жок болуп чыккан.

Мектептин ичинде бир гана даараткана бар, ал дайыма жабык турат. Мындан улам окуучулар сыртка барууга туура келет. Ал эми сырттагы дааратканага башка адам деле кире алат.

География сабагынан суранган 7-класстын окуучусу сырттагы дааратканага чыккан. Ал жактан педофил кол салган. Бул тууралуу окуучу кыз өзү класс жетекчисине айтып берген. Окуядан кийин кылмышка шектүү 2 саатта колго түштү. Учурда ыплас ишке барган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 38 жаштагы киши буга чейин уурулук менен соттолгон. Үй-бүлөсү жок.

Окуяга байланыштуу мектептин окуу тарбия башчысы, кызды коё бергенмугалим иштен алынды. Дарыгерлер кыздын абалын канааттандырарлык деп маалымдады. Психологдун айтымында ал жакын арада мектепке барып окуусун улантат.

Эгер кызга ыплас ишин жасаган кишинин күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылат.

Макала жактыбы?

НетДа
3
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 108