Мындан ары жогорку билимсиз жаран жергиликтүү кеңештин депутаты боло албашы керек. Тиешелүү талапты шайлоо мыйзамына БШКнын атайын жумушчу тобу бекитти. БШКдан белгилеп кетишкендей, буга чейин жергиликтүү кеңештин депутатына талапкерлигин койгон жаран жогорку билим жөнүндө дипломго муктаж эмес болчу. Эми алар бул документтин көчүрмөлөрүн аймактык шайлоо комиссиясына сөзсүз тапшырышы керек. Буга байланыштуу Элдик медиа порталы элдин бул маселе боюнча пикирине сурамжылоо кылат. Жергиликтүү Кеңештин депутаты сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керекби?

Сурамжылоонун жыйынтыгы бир аптадан кийин чыгарылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь