Кыргызстанда паспортту берүү функциясын мамлекеттик каттоо кызматынан ички иштер министрлигине өткөрүп берүү керекпи? Бул суроого эл аралык мамилелер боюнча эксперт Кайрат Осмоналиевден жооп алып көрдүк.

Анын пикиринде, бул мамлекеттик функцияны ИИМ мойнуна алганы дурус. Себеби мамлекеттик каттоо кызматындагы паспортко байланыштуу башаламандыкты жоюуда башка альтернатива жок.

” Мыйзамсыз паспорт берүү боюнча бир нече чуулгандуу иштер массалык маалымат  каражаттарына жарыяланган. Эми мына Түркия мамлекетинде өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити да кыргыз жарандыгына ээ болгон деген маалыматтар айтылууда. Ошондуктан паспорт берүүдө башаламандык күчөй берсе, анда кайрадан эле ИИМге кайтарып бериш керек. ИИМге өткөрүп берсе тартип жана көзөмөл көбүрөөк болмок деген ойдомун. Азыр мамлекеттик каттоо кызматын эч ким текшербей жатат, канча паспорт жана кимге берилгенин бир Кудай билет. Мамлекеттик каттоо кызматы бул функцияны аткара албай жана көзөмөлдөй албай жатат“,- деген пикирде Осмоналиев.

Эске салсак, буга чейин вице-премьер министр Жеңиш Разаков паспортторду берүү функциясын ИИМге өткөрүп берүү керектигин белгилеген.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
10
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: