Атамбаев киллер жалдап 4 саясатчынын кѳзүн тазалаш керектигин айткан. Бул тууралуу Кубаныч Кадыров “”Mezgilnews” сайтына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында Атамбаев жана анын аткошчулары ачык эле бийликти басып алабыз дешкени бул чындык. Бүгүн муну эч ким тана албайт. Анткени күн сайын ѳзү жарыялаган Кой-Таш Республикасында жатып берип турган “конференцияларында” ачык эле чакырыктар айтылган. Бул тууралуу бир топ видео тасмалар бар.
Бүгүн саясий куугунтук болуп жатат деп кыйкырып жаткан анын “командасы” кечээ Атамбаев менен кошо бийликти басып алсак деген таттуу кыялдарга жетеленип, ѳлѳ элек аюунун терсисн талашкандай кызмат орундарын бѳлүшүп жүрүшкѳн. Булар бүгүн эмне үчүн жанталашып билдирүү жасап жатат? Анткени Батукаевден башка дагы бир топ коррупциялык иштердин бети ачылып калат деп коркушкандыктан, азыркы бийликти тактап айтканда ѳлкѳ башчысын жаманатты кылуу аргасын издеп жатышат. Экинчиден коомчулуктун, дүйнѳлүк лидерлердин алдында, С.Шариповичтин кадыры ѳсүп жатканына Атамбаевдин ичи тарып, ар кандай билдирүүлѳр менен мына ушинтип ѳз ич күптүсүн чыгарууда. Эң негизгисин айта турган болсок, Атамбаевдин Жээнбековго таарынычы бирѳѳ эле. Ал Сооронбай Жээнбеков Атамбаев жана анын командасынын жеке кызыкчылыгын эмес, карапайым калктын, жалпы журттун кызыкчылыгын бийик коюп элди тандап кетти. Ал эми Атамбаев буга макул болгусу келген жок” -деди Кубанычбек Кадыров.
Жогорку Кеңештин тѳртүнчү чакырылышынын депутаты Атамбаев бийлик үчүн, ѳзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр. Ал коомчулукка белгилүү адамдарды же саясатчыларды ѳлтүрүп туруп бийликке шылтап мамлекетке тополоң салгандан кайра артка тартпайт деп кошумчалайт.
Бүгүн “менин укугум бузулду” деп кыйкырып жатат. Мисалы бизди камаганда Атамбаев жана анын бийлиги мыйзамды бузуп 6 ай бизди үй-бүлѳбүз менен жолугууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал бүгүн кааласа аялы, кааласы баласы менен жолугуп эле жатпайбы? Анан кантип анын укугу бузулуп жатат?” 
Булак: “Mezgilnews”

Макала жактыбы?

НетДа
1
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: