Бүгүн, 19-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешти. Оюндун жүрүшүндө коноктор 17-мүнөттө гол киргизип, алдыга чыгышты. Ал эми биринчи таймда “Ак-Шумкарларда”, тажик оюнчулары да натыйжалуу жыйынтык корсото алышкан жок. Эсеп 0:1 боюнча 1-бөлүк аяктады.

Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев 87-мүнөттө гол киргизип, эсеп сандарын теңдей алды. Натыйжада оюн 1:1 эсеп сандарында аяктап, командалар 1 ден упайга ээ болушту. Эки команданын буга чейинки беттешинде тажик тарап жеңишти алып кетишкен.

Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылы Катарда өтө турчу Дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында өткөрүлдү. Кыргызстан курама командасы кийинки беттешин 2020-жылдын март айында Мьянмага каршы өткөрөт.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: