Адистердин айтымында жыл санап абанын булганышы күч алууда . Дүйнө эли болсо экологияны таза сактап калуу үчун завод фабрикаларын токтотуп “таза аба” үчүн күрөш жүргүзгөнү айтылып келет. Бишкек шаарынын эң орчундуу көйгөйү да ушул. Себеби үйдү жылытуу үчүн от жагылганда , өнөр жай ишканаларын иштетүү , транспорттун газы, ЖЭБтен чыккан түтүн жана күз айларында бак- дарактардан чыккан жалбырактарды өрттө көмүр кычкыл газын пайда кылат. Бирок мэрияга караштуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы менен “ тазалык” ишканасы абаны аз болсо да сактоого аракет кылууда.

Буга чейин жалбырктарды өрттөп же таштанды ташоочу жайга келген болсо эми парктардан, скверлерден, баардык муниципалдык аймактагы жалбырактар “Бишкек жашыл чарба” ишкансынын короосуна алынып келинет.

АКШ сөөлжанын өстүргөн чарба

"Бишкек жашыл чарба” ишкансынын башкы агроному Диля Байбориеванын айтымында 80 сотых жерге атайын органикалык жер семирткичтер дардалууда.

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Среда, 20 ноября 2019 г.

Ал жерден атайын казылган чуңкурларга кат-каттап жалбырак, чырпык, топурак төгүлөт. Арасына атайын америкадан алынып келинген “кызыл сөөлжандар” кое берилет. Жалбырактар менен тал чырпыктарды майдалоо сөөлжандардын жумушу.

Жергиликтүү сөөлжандардан айырмасы бат көбөйөт жана жалбырактарды 2 эсе бат майдалайт. Ишкана быйылкы жылы 15 миң даана Колумбиянын кызыл сөөлжанын 15 миң сомго алып келген. Бир даанасы 1 сомдон айланган.

Учурда 80 сотых жерге 500 куб органикалык жер семирткич даярдалууда. Бир жылдан соң гүл өстүрүү аймактарына бак дарактардын түбүнө колдонулат. Муну менен жалбырактарды өрттөө чек коюп жатса экинчиден өсүмдүк өстүрүү үчүн жер семирткич даярдоодо.

Жалбырактарды өрттөө менен топурактын үстүңкү катмарындагы микроорганизмдер өлүп аба булганат. Ал эми абанын булганышы менен адамзаттын өпкөнүн, жогорку дем алуу органдарынын оорулары (бронхит, бронх астмасы, сезгенүү ) пайда болот. Эң жогорку жеткен чеги рак болуп эсептелет.

Макала жактыбы?

НетДа
11
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 933