Мындай пикирин эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңеште билдирди. “Жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билимдүү болуш керек дегенге мен такыр кошула албайм. Себеби адам укугу турат, шайлоо боюнча мыйзамда бул норма алынып салынган. Сөзсүз жогорку билимдүү болсо да, болбосо да жергиликтүү кеңештин депутаты болуш керек. Экинчи окууда алып салышыңарды сунуш кылам“,- деп кайрылды Нурбаев.

Эске салсак Жогорку кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 254