Автоунааларга номер жок калдыбы? Мамкаттоо кызматы жооп берди

Автоунаалардын номери жок калды деген пикирлер айтылып жаткандыктан Элдик медиа порталы Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

Акыркы учурда номерлер кечиктирип берилип жатканы туура, бирок номер жок калды деген маалымат чындыкка туура келбейт. Анткени мурда автоунаа сатып алуучулар өзүнүн катталган жеринен гана мамлекеттик номер алып келсе, азыркы жаңы системага ылайык автоунааны убактылуу жашаган жерден деле алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Алсак, Бишкек шаарындагы автоунаа базарынан көбү машина алганы келип, дароо ушул жактан эле өзүнө каттатып, унаасына мамлекеттик номер алыш үчүн көп кайрылышууда. Буга чейинки регионго жөнөтүлгөн номерлерди кайра кайтарып алдыруу иштери бир аз кечеңдеп, мындан улам кезек күтүүлөр көп болгон. Учурда бул иш жөнгө салынды”,- деп билдирди Мамкаттоо кызматынан.

Белгилей кетсек, акыркы учурда автоунаанын баасы көтөрүлүшү мүмкүн деген күбүр-шыбырдан улам базарда автоунаалардын сатылышы да салыштырмалуу көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь