Аксыдагы кыздардын мушташы 18-ноябрь күнү болжол менен саат 17:30 чамаларда орун алган. Анда Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары арасында пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, мушташышкан. Бул тууралуу Элдик Медиага Жалал-Абад ОИИБнан  билдирди.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне катталып, “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жаш өспүрүм кыздардын арасындагы пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда жогорку класстын окуучулары сайдын жээгинде мушташып жаткан видео тараган.

Опубликовано Санжаром Калматаем Вторник, 19 ноября 2019 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 648