Бейөкмөт уюмдарды каттатып алышып, анан чет мамлекеттерден алган гранттардын суммасына жараша кыйкырып, акцияларды уюштуруп туруша турган «белгилүү» мекендештерибиз бар. Эми алардын ар биринин аты-жөнүн атап отуруштун деле кажети болбосо керек. Кайсыл жерде ызы-чуу, жаңжал болуп жаткан болсо, ошол жерде «белгилүү» бейөкмөтчүлөрүбүз жүрүшкөн болот.
Бул бейөкмөтчүлөр ушул күнгө чейин өлкөбүздүн маданиятына да, экономикасына да тыйынчалык салым кошушкан жок. Элдин жашоо-шартын оңдоого да салымдары болгон жок. Бир өндүрүш ишканасын ачышпады, бир да карапайым адамды жумуш менен камсыздашкан жок. Болгону өздөрүнүн гана жеке финансылык кызыкчылыктарын ишке ашырып жүрүшөт. Океандын ары жагынан кандай тапшырма берилсе, ошого жараша кыйкырык салышат. Кыргызстанда туруп алышып үндөрү Америкага чейин жете тургандай кыйкырышат. Мындай аракеттери менен дагы көбүрөөк эл аралык уюмдардын көңүлүн өздөрүнө буруп, дагы көбүрөөк гранттарды алууну көздөшөт.
Ошолор жакындан бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын, деги эле Кыргызстандын күч органдарын реформалаш керек деп кыйкыра башташты. Алар өлкөбүздүн атайын кызматынын ичин тышына оодарып, бардык жашыруун сакталууга тийиш болгон сырларды ачыкка чыгарып алгылары келүүдө. УКМК- бул өлкөбүздүн коопсуздугун сактайт. Демек, анын иш-аракетинде коомчулукка ачык айтылбай турган жагдайлар өтө көп болот. Деги эле бардык өлкөлөрдүн атайын кызматынын иши ушундай. Ошону билип туруп бейөкмөтчүлөр өлкөбүздүн сырын өзгөлөрдүн алдында ачып бергилери келүүдө.
Мына ушундан улам жаңы сунуш пайда болууда. Мүмкүн ушул бейөкмөт уюмдардын өзүн реформалоо керек болуп жүрбөсүн? Качанкыга чейин грант алышкан чет мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы иштеп жүрө беришет?
Бейөкмөт уюмдары эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден алган акчаларынын суммасын көрсөң таң каласың. Ири суммадагы акча каражаттарын алышат. Бирок, ал акчаларды өлкөбүздүн пайдасына жумшашпайт. Мисалы, «Бир дүйнө Кыргызстан» (Төлөйкан Исмаилова) аттуу бейөкмөт уюмуна 2013-2016-жылдары 512 763 АКШ доллары которулган экен.
Ал эми «Кылым шамы» (Азиза Абрасулова) аттуу бейөкмөт уюмуна 2007-2015-жылдары жалпысынан 700 миң доллар которулган.
Ушунча акчаны алар жалаң кыйкырыктары менен, гей-лесбиянкалардын, сепаратисттердин укугун коргоо багытында кыйкырып сүйлөп коюу менен акташкан. Эгерде алар чындап эле Кыргызстан үчүн күйүшсө, анда ал акчаларга өлкөбүздүн аймактарында канчалаган балдар бакчаларын, мектептерди курууга болот эле. Же болбосо, укуктары бузулуп жаткан карапайым жарандарга жардам кылышмак. Жок, алар тескерисинче сепаратисттердин укугун коргоп жүрүштү.
Демек, өлкөбүз үчүн тыйынчалык пайдасы жок, зыяны гана болуп келаткан мындай бейөкмөт уюмдарды чындап эле реформалоо зарылчылыгы туулгандай. Андыктан коомчулук ошол грант жегич бейөкмөтчүлөрдүн финансылык иштерин текшерүү керек деген талапты кое башташты. Алар өздөрүнүн сырттан алып жаткан акчаларынын суммасын жана ал акчаларды кандай максатта жумшап жатышканын ачык айтуулары керек.

Каныбек ИШАНАЛИЕВ

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 123