Бишкектин “Коопсуз шаар” камералары коюлган жол кесилиштерде эреже бузуулар эки эсеге азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдирди.

Чүй облусу менен Бишкекте шаарындагы кѳчѳлѳрдѳ орнотулган видеобайкоолордон улам кырсыктардын катталуусу азайганы байкалат. Бишкек шаарынын ичинде катталган кырсыктар 45,1% га (113 тѳн 62 ге) кыскарды. Каза болгондор жок. Жарадар болгондор 44,4% га(144 тѳн 80 ге) азайды. Ал эми Чүй облусунда кырсыктар 50% (4тѳн 2 ге) азайып 1 адам каза болду. Жарадар болгондор 50% ге ( 6 дан 3 кѳ) чейин кыскарды.

ЖКККБдан кабарлагандай азыркы жол кырсыктарын каттоо башка стандарттар менен жүрүп жатат. 2019-жылга чейин мисалга жеңил жарааттарды алса, биринчи медициналык жардам кѳрсѳтүлсѳ ж.б.у.с. жеңил жараттар катоого алынчу эмес. 2019-жылдын 1-январынан баштап баардык болуп ѳткѳн жол кырсыктары анын ичинде майда, жеңил жаракаттар болсо да катталып жатат. Бирок чоң трассадагы кырсыктардын саны өскөн. 2019- жылдын 10 айында 201 –жылга салыштырмалуу 10,6% га (4892 ден 5416 га) ѳстү, алардын ичинен каза болгондор 8,9%га (576дан 618 ге) жогорулады, жана жарадар болгондор 10,8% га (7503 тѳн 8317 ге) ѳстү. Натыйжада КР нын баардык жолдорунда катталган кырсыкар 2018-жылга салыштырмалуу 0,1% ге азайды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 57