Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу аралашкан жол кырсыгы боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгына жабырлануучулардын бири канааттанган жок. Кырсыктан мерт болгон Нурсултан Данияр уулунун апасы Рахат Тойчиева Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, нааразычылыгын билдирген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде бараткан депутаттын уулу Темирлан Токобеков менен дагы эки киши жаракат алган. Бул кырсык боюнча автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы төрт айдан кийин чыгып, BMW X7 саатына 120 чакырым ылдамдык менен жүрүп, каргашага себеп болгону аныкталды.

Бирок бейажал кеткен Нурсултандын апасы муну менен макул эмес, BMW X7 андан да катуу баратып сүзүшү мүмкүн экенин айтууда. Ошондой эле ал буга чейин күбөлөрдүн айткандары экспертизанын корутундусуна камтылбай калганын белгилейт.

Экспертиза чыккандан кийин BMW X7 унаасын башкарып баратты делген Элдияр Халмурзаев 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Каракол шаардык соту баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган.

Эгер менин балам ошол депутаттын уулун сүзгөндө дароо эле камалып кетмек. Бирок төрт баланы өлтүргөн адамды эч ким камаган жок, жыргап эле жүрөт. Андан кийин канча жол кырсыгы болду, дароо эле камап жатышпайбы”, — деп нааразы болууда маркумдун энеси.

Нурсултан Данияр уулу 1995-жылы Ош шаарында туулган. Быйыл Кыргыз улуттук университетинде юридика факультети боюнча магистратураны бүткөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын бири болгон. Азыр карындашы калды. Апасы уулунун быйыл октябрда сүйлөшкөн кызына баш кошуу ниетинде жүрүп, тилегине жетпей калганын айтты.

Ушул эле кырсыктан набыт болгон бир жигиттин ата-энеси тосмо арыз жазган.

Ал эми BMW унаасында ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу бараткан.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: