«Азаттыктын» өзбек кызматы эки жигиттин базардан кардар алууга келген таксисттен 5 миң сум талап кылганы тартылып алынган видеону жарыялады. Окуя 17-ноябрда болгон.

Кокон базарында каракчылык кылган жигиттер «Андархон» чек ара бекетинен өткөн таксисттерден акча алып турушат. Алар таксисттердин жолун тороп, кардардан алган акчадан «үлүш» сурашат“, – деди кокондук тургун.

Маалыматка караганда, Кокон базарындагы такси токтотуучу жайды көчө каракчылары көзөмөлдөйт.

Алар кечээ эле пайда боло калышкан жок, кеминде эки жылдан бери иштешет. Башында таксисттерден 2 миң сум талап кылышчу, азыр ставканы 5 миңге (0,5 доллар) көтөрүштү. Алар бизге эч кандай чек беришпейт, бирок бейжик тагынып жүрүшөт. Алардын ким экенин эч ким билбейт. Базардын аймагы шаар администрациясына карайт, бирок жергиликтүү бийликтин тиешеси бар экенине ишенбейм. Алардын артында өтө күчүү колдоочусу бар сыяктуу”, – деди такситтердин бири.

Башка бир таксист шаардык транспорт башкармалыгына даттанганын, бирок натыйжа болбогонун айтты. Кокон шаардык ички иштер башкармалыгы таксисттерден «үлүш» сураган топ тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Шаар акимчилиги милиция жана салык инспекциясы менен бирге бул иш териштириле баштаганын маалымдады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: