Коомдук биринчи каналдан тартууланган «Ак-Шоола» телесериалынын режиссер-коюучусу Ырыс Окенова “Азаттык” үналгысына 5 миллион сом доо коюп, сотко арыз жазды. Анын айтымында,  Ленин райондук соту анын арызын кабыл алып ишти өндүрүшкө алган.

“Сериалдын бюджети тууралуу тараган жалган маалыматтардан киийн КТРК жана жарнамалык компания бизге эч кандай тыйын төлөп берген жок. Мага кысым болуп, тасманы тарткан чыгымды жапмак турсун, жумушсуз калдым. Үналгынын журналисттери “Ак-Шоола” сериалындагы ала-качуу эпизоду боюнча каралоо уюштурушуп,  натыйжада казак, өзбек каналдары биздин тасмабызды сатып алуудан баш тартышты. Биз ири чыгымга учурадык”,-дейт  Ырыс Окенова.

Окенова жалган маалымат үчүн кечирим сурашын талап кылууда.

Эске сала кетсек, “Ак-Шоола” КТР тарабынан тартылган алгачкы сериал болчу.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: