Россиянын Пенза шаарында асфальт ачылып кетип, жолдогу унаа кайнак сууга толгон чуңкурга түшүп кетти. Унаанын ичиндеги эки адам тең каза болду.

Окуя кечээ 19-ноябрь күнү эртең менен Пенза шаарынын Аустрин көчөсүндө орун алган. «Лада Ларгус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу буудан улам, асфальттын түшүп кеткенин көрбөй, айдай берген. Жыйынтыгында, алгач алдыңкы дөнгөлөктөр чуңкурга кирип, анан унаа өзү түшүп кеткен. Ичиндеги эки адам тең жеринде кайнак сууга күйүп, каза тапкан.

Пенза шаардык мэриясынын маалыматында, асфальттын түшүп кетишине жер алдындагы ысык суу өтүүчү түтүктүн жарылышы себеп болушу мүмкүн. Эки адамдын өлүмүнө алып келген факты боюнча Пенза облустук тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Макала жактыбы?

НетДа
4
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 885