Өмүрдү сактап калган коопсуздук кур (Фото)

Үрөй учураарлык бул сүрөттөрдө коопсуздук курларынын толук күчүн көрсө болот. “Сакталган өмүр”- мына мындай денеге калган тактар олуттуу кырсыктан болгон. Эгерде мындай кырсыктарда коопсуздук курларын тагынбаганда эмне болоорун билүү кыйын эмес.

Мындай долбоор Жаңы Зеландиянын транспорт агенттиги тарабынан демилгеленген. Себеби 90% кырсыктан каза болгондор, дал ушул курду тагынбагандыктан болуп келет. Кур курчануу жол кырсыгы болгон учурда адамды чоң жаракат алуудан сактоодо натыйжалуу курал болот. Статистика боюнча аварияга кабылган 100 учурдун 75инде кур тагынуу менен өлүмгө алып келген жаракаттар болбогонун эскертишет.

Бул долбоордо катышкандар, чыныгы жашоосунда каттуу кырсыктан аман калгандар.

Ар бир жаран, ар бир айдоочу жол сакчылары үчүн же айып пулдан качуу үчүн эмес, өзүнүн ден соолугу үчүн коопсуздук курун тагынуу зарыл.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь