АКШдан алышкан 2 млрд долларды бейөкмөт уюмдар кайда жумшашкан?

Бейөкмөт уюм дегендердин Кыргызстанда өтө эле жайнап кеткенине көп эле жылдар болуп калды. Адегенде андай уюмдарга коомчулук көп деле көңүл бурбай келсе, бара-бара андай уюмдарды түзүп алган аялдардын ажаандыгы, ар кандай ызы-чуу чыккан жерлерде пайда боло калышкандары менен элибизге кеңири таанымал болуп чыга келишти. Бара-бара бейөкмөт уюм деген – бул акча табуунун эле бир жолу, же бизнестин бир түрү болуп калганын коомчулук түшүндү. Албетте, алар эч кандай продукция өндүрүп чыгарышпайт, же ишкерлик менен деле алектенишпейт. Болгону, өздөрүнүн заказчы-донорлорунун тапшырмаларын аткарып коюшуп, миллиондогон «кирешелерге» балкып жатышат. Негизги демөөрчүлөрү – батыш мамлекеттери, океандын ары жагындагы эл аралык уюмдар. Донорлордон келген финансылык агымдарынын көлөмү бейөкмөтчүлөрдүн активдүүлүгүнө жараша болот. Канчалык көбүрөөк кыйкырышса ошончолук көбүрөөк «кирешелүү» болушат. Акча үчүн өз мамлекетин да каралап, шыбап жиберүүгө даяр турушат. Биз бүгүн мына ушул бейөкмөт уюмдарына агылып келип жаткан финансылык булактар тууралуу кеп кылууну туура көрүп турабыз.

2 млрд доллардын изи кайда?

АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча биринчи орун басары Эли Уэллс «Акыркы 26 жылда АКШ Кыргызстандагы демократиялык процесстер жана экономикалык өнүгүүсү үчүн болжол менен 2 млрд доллар сарптады, биз бул мамлекеттин ийгиликтүү болуусун көргүбүз келет», – деп билдирип чыкты.

Ушул эле цифраларды 2014-жылдын апрелинде АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Ниша Бисвал да айткан эле: «2 миллиард долларга жакын каражат айыл чарба, билим берүү, экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, гуманитардык жардам жана демократиялык өнүгүүнү колдоолорго багытталды, ал эми 2010-жылдан тарта АКШ Кыргызстандын бардык демократиялык институттарына, анын ичинде жарандык коомго күчтүү колдоо көрсөтө баштады», – деген.

Эл аралык уюмдар аркылуу бейөкмөтчүлөргө келген каражаттар түпкүлүгүндө «Кыргызстанда адам укуктарын бекемдөө», «Эффективдүү мамлекеттик башкарууну колдоо программасы», «Ачык-айкын жергиликтүү башкаруу жана кызматташтык боюнча демилге», «Кыргызстанда саясий процесстер боюнча программа» деген нуктарда жумшалышы керек болгон. Тилекке каршы, бир сөз менен айтканда мамлекетте демократиялык коомду өнүктүрүүнүн ордуна, донор мамлекеттер тарабынан мамлекеттик башкаруу системасын талкалоо менен параллелдүү башкаруу түзүү аракети жасалууда. Бир да карапайым адамдын укугун коргогон бейөкмөтчүлөр жок, коргогондору же коррупционерлер, же сепаратисттер.

Белгилей кете турган жагдай, бир дагы бейөкмөт уюм донорлордун гранты кайда жумшалганын ачык айтышпайт. Эгерде мындай долбоорлор өз максаттары менен иштегенде, анда Кыргызстан эбак эле улуу державага айланып калмак экен. Келип түшкөн каражаттар калктын муктаж болуп турган катмарына жана социалдык маселелерди чечүүгө жумшалбайт. Бир гана эл арасында провокациялык иштерди жасоого жумшалат. Андыктан коомчулук бул бейөкмөт уюмдарынын артында каржылап тургандар кимдер экенин жана алардын ишмердүүлүгүн ачык жана так билиши керек. Азыр Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча эч кандай маалымат жок. Келген акчаларды алар жеке керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн гана колдонуп коюп жатышат. Донорлордон келген каражаттардын кайда жумшалышы керек экендиги боюнча долбоорлору жакшы болгону менен, иш жүзүндө алардын берген тапшырмалары өлкөдөгү саясий абалды курчутуу, стабилдүүлүккө доо кетирүү, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч түзүү, коомчулукта нааразычылыктарды жаратуу сыяктуу бузукулук аракеттер болууда.

Мамлекеттик кызматтарга аралашкан бейөкмөтчүлөр

Мына ушундай бейөкмөт уюмдарда иштеп, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чыгып жүрүшкөн бир катар бейөкмөтчүлөр мамлекеттик кызматтарга да аралашты. Көптөгөн саясатчылардын, укук коргоочулардын, коомдук ишмерлердин, алтургай ири бизнесмендердин өмүр баяндарына көз жүгүртсөң, алардын жок эле дегенде бир жылдан бейөкмөт уюмдарында иштешкенин байкайсың.

Мисалы, Сапар Исаков премьер-министрлик кызматты аркалап турган кезинде анын кеңешчилеринин көпчүлүгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болушкан.

Ошондой эле үлкөн кызматтарда Эльвира Сариева иштеди. Көптөгөн оппозициячылдар да ошол жактан чыгышты. Бейөкмөт уюмдарында жүрүп парламентке депутат болуп келгендер болду.

Негизи эле бейөкмөтчүлөрдүн мамлекетке карата ниеттери түз эмес. Себеби, аларды АКШ, Европа мамлекеттери каржылайт жана колдойт, ошондон улам алар элге ошолордун саясатын таңуулайт, алардагы жосунсуз жоруктарды таңуулайт. Токтайым Үмөталиева, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова сыяктуу аялдардын жүргүзүп жаткан саясаттарын эле караңыздарчы. Кыргыз элинин нарк-насилине, кадыр-баркына, тынч жашоосуна зыян келтире турган гана саясатты жүргүзүшөт.

Агылган миллиондор

Эми айрым бейөкмөттөргө агылган миллиондор тууралуу цифраларды келтирели. Азыркы тапта бейөкмөт уюмдарын каржылоо 3 эсеге көбөйдү. Мисалы, «Центр Полис Азия» коомдук бирикмесине 2017-жылы 9 691 713,3 сом келип түшкөн.

«Бир дүйнө» бейөкмөт уюмуна келип түшкөн каражаттар:

2013-жылы – 3 809 794 сом, 2014-жылы 12 408 528 сом, 2015-жылы 14 970 121 сом, 2016-жылы 25 695 927 сом, 2017-жылы 12 169 157 сом.

«Жарандык катышуу» («Гражданское участие») коомдук бирикмесине:

2016-жылы 15 015 788 сом, 2017-жылы 10 024 360 сом, 2018-жылы 9 895 704 сом.

«Медиа полис институту» коомдук фондуна:

2009-жылы 11 444 783 сом, 2010-жылы 8 403 486 сом, 2011-жылы 1 084 553 сом, 2012-жылы 3 307 740 сом, 2014-жылы 7 761 881 сом, 2015-жылы 6 798 926 сом, 2017-жылы 3 730 480 сом, 2018-жылы 2 366 718 сом.

«Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесине:

2016-жылы 5 916 555 сом, 2017-жылы 1 164 833 сом.

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» коомдук бирикмесине:

2007-жылы 3 768 168 сом, 2010-жылы 17 659 771 сом, 2011-жылы 26 074 286 сом, 2012-жылы 21 011 656 сом, 2013-жылы 5 130 000 сом, 2014-жылы 4 488 733 сом, 2015-жылы 45 375 786 сом, 2016-жылы 94 944 640 сом, 2017-жылы 111 124 071 сом, 2018-жылы 11 642 378 сом.

«Кылым Шамы» коомдук фондуна:

2007-жылы 1 289 660 сом, 2008-жылы 1 144 165 сом, 2010-жылы 4 170 519 сом, 2011-жылы 1 922 980 сом, 2012-жылы 1 105 796 сом, 2013-жылы 1 000 339 сом, 2014-жылы 1 882 788 сом, 2015-жылы 5 945 080 сом, 2016-жылы 5 247 373 сом, 2017-жылы 4 209 735 сом, 2018-жылы 3 292 289 сом.

«Интер Билим» Эл аралык Борбору» коомдук бирикмесине:

2007-жылы 7 574 572 сом, 2008-жылы 4 407 953 сом, 2009-жылы 6 433 937 сом, 2010-жылы 10 217 477 сом, 2011-жылы 8 976 573 сом, 2012-жылы 8 273 739 сом, 2013-жылы 4 568 177 сом, 2014-жылы 5 886 339 сом, 2015-жылы 2 867 675 сом, 2016-жылы 3 355 335 сом.

«Прецедент өнөктөш тобу» коомдук бирикмесине:

2015-жылы 3 094 718 сом, 2016-жылы 7 775 474 сом, 2017-жылы 3 090 000 сом, 2018-жылы 1 030 650 сом.

«Адилет укуктук клиникасы» коомдук фондуна:

2006-жылы 1 547 199 сом, 2007-жылы 1 130 260 сом, 2008-жылы 3 572 713 сом, 2009-жылы 3 706 415 сом, 2010-жылы 3 004 641 сом, 2011-жылы 9 541 998 сом, 2012-жылы 18 517 456 сом, 2013-жылы 25 372 114 сом, 2014-жылы 34 309 440 сом, 2015-жылы 29 268 132 сом, 2017-жылы 43 292 943 сом, 2018-жылы 11 542 242 сом.

«Психикалык саламаттык жана коом» коомдук бирикмесине:

2007-жылы 1 925 365 сом, 2008-жылы 1 365 966 сом, 2009-жылы 2 110 917 сом, 2011-жылы 1 139 510 сом, 2018-жылы 2 498 561 сом которулган.

Бейөкмөтчүлөрдү кайсыл уюмдар каржылайт

Биздеги бейөкмөтчүлөрдү дардаңдаткан, тажаалга айланткан ири суммадагы акчаларды которгон эл аралык уюмдар төмөнкүлөр: ОБСЕ, National Endowment For Democracy, «Фонд Сорос-Кыргызстан» коомдук фонду, «Фридом хауздун» Кыргызстандгы өкүлчүлүгү, Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилиги, Foundation To Promote Open Socity, «Ассоциация развития гражданского общества» («АРГО»), Голландиядагы «Фонд Хивос», Интл Глобал Карренсис Лимитед, Интл Фсстоне Лимитед, Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилиги, Борбордук Азиядагы Евразия фонду, Германиядагы Ачык коом институту .

Биз Кыргызстандагы бейөкмөтчүлөрдү каржылаган эл аралык уюмдардын болгону ондон бир бөлүгүн гана санадык. Мындай эл аралык уюмдар дагы көп.

Бейөкмөт уюмдарына келген миллиондорго эмнелерди курса болот эле? 

«Бир дүйнө Кыргызстан» аттуу бейөкмсөт уюму акыркы 3 жылда эле 69 млн 053 миң 528 сомду «аш кылып» кеткен. Бул болжол менен 1 млн 775 доллар. Бул акчага ал уюм эмне иш кылганы белгисиз. Эгерде бул уюм ал акчага социалдык маселелерди чечкенде, анда биз көптөгөн көйгөйлөрдөн кутулмакпыз. Мисалы, 1 млн 775 миң долларга 100 миң долларлык 10 балдар бакчасын курсак болмок. Ал балдар бакчаларынын ар биринде 100дөн бала тарбияланганда, ал балдар бакчалары 3 жылда 3000 баланы тарбияламак.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө мектептерде спорт залдары да жетишсиз. Эксперттердин баасында бир спорт залды курууга 50дөн 100 миң долларга чейин каражат кетет. Эгерде Төлөйкан Исмаилова 1 млн 775 долларды спорт залдарын курууга жумшаганда аз дегенде 10, болбосо 20 спорт залы курулмак экен. Эгер ушул иштерди жасаганда, анда аны элибиз кадырлап сыйлап алат болчу.

Дагы бир мисал келтирели, бүгүнкү күндө көп акча каражатын талап кылган оорулуу балдар бар. Боор, бөйрөк ооруларына операция жасатуу үчүн элден жардам сурап кайрылгандар бар. Эгерде ошондой жардамга муктаждардын ар бирине 10 миң доллардан бергенде, анда 1 млн 775 доллар 100 баланын саламаттыгын калыбына келтирүүгө көмөк болмок.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» бейөкмөт уюмуна келип түшкөн 341 млн 291 миң 493 сомго 30 жаңы автобус сатып алууга болот болчу. Бир автобустун баасы 142 миң 857 доллар, сом менен 10 млн сом. Же болбосо, 30 жаңы троллейбус алсак болмок. Бир троллейбус 122 миң евро, же 9 млн 661 миң 180 сом турат.

Биз мисал келтиргендер бир гана чети. Эгерде ар бир бейөкмөт уюму чет мамлекеттерден алган гранттарын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жумшаса, эмдигиче өнүккөн өлкө болуп калмак экенбиз. Тилекке каршы, алар кайра тескерисинче өлкөбүздө стабилдүүлүктү бузууга, мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч туудура аракет жасап, ал эми гранттарды өздөрү эле жеп алып жатышпайбы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь