Ырчы Анжелика Кайратова 501 роза белек кылган сүйүктүүсү тууралуу маалымат берди. Ал Instagram баракчасы аркылуу жүрөгүнүн ээси казак улутундагы мырза экенин айткан.
Акыркы билдирүүлөрдүн биринде башына сүйүү келип пзыр өзгөчө абалда экенин жазган.
”  Мен мындай бурулушту эч качан ойлогон эмесмин. Башыма көптөн күткөн сүйүүм келип, маанайым азыр өзгөчө көтөрүңкү. Үй-бүлө кура элек инсан. Беш жаш улуу. Бир туугандары менен таанышмын. Эжелери абдан сонун айымдар. Алар аркылуу таанышкам. Мени кыргыздын эң кыйын кызы дешет. Азыр ачыка чыгууну туура деп ойлодук. Ошондуктан эч бир сын сөз мени ойлондурбайт! Канатын кенен жайып, кучагында жылыткан, мага бардык убадасын берип, менин оюмду сыйлаган мырзам бар”,- деген сезимдери менен бөлүштү.

Макала жактыбы?

НетДа
4
11
Loading...
Просмотров: 869