Аялды уурдап кетип үч күн бою ага кордук көрсөткөн шектүү кармалды

197

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда аялды уурдап кетип аны уруп-согуп, үйүндө үч күн камап жаткан шектүү кармалды. Ал эки айга убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

9-ноябрда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна баш сөөгү талкаланган, мээси чайкалган жана көкүрөгүнөн жаракат алган аялдын түшкөнү боюнча милицияга кабар келген.

Ооруканага милициялар барганда жабырлануучу Эсен аттуу кишиге карата арыз жазган. Жабырлануучунун айтымында анын эркине каршы күч колдонулган.

Аталган кылмышка шектелип 1972-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь