ИИМ: Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок, бирок анын мүчөлөрүн милиция каттап жатат. Бул тууралуу ИИМ дин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында милиция азыр уюшкан кылмыштуу топтун башчыларын каттап жатат.Бирок алардын так санын баса белгилеп айткан жок.

Бизде сөз эркиндиги эмеспи, силер бул тууралуу кримтөбөлмүн дегендерден барып интервью алып аласаңар болот”-деди Каниметов.

Белгилей кетсек ички иштер министри Кашкар Жунушалиев акрыкы 9 айдын ичинде милиция уюшкан кылмыштуу топтун 130 мүчөсүн кармаган. Алардын ичинде 13 издөөдө болчу. Кармалгандардын 44 тү кылмышка катышкан, 2 киши өлтүрүү, 13 шылуундук, 14 зордук зомбулук боюнча иштери ачылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь